Тилди тандоо

KyrgyzchaEnglishРусский
Рух Ордо жөнүндө

Ч.А. атындагы «Рух Ордо» Маданий Борборуна белгилүү жазуучулардын жана окумуштуулардын, саясатчылардын жана акындардын, олуя жана ыйык адамдардын, ошондой эле өз элине кызмат кылган инсандардын элестери ар түрдүү айкелдерде жана сүрөттөрдө чагылдырылгын. Алардын авторлору аталган эмес: кээ бири дароо таанылса, башкалары ар кимди ойго салган элес тартуулаган… Эркиндиктин жарчысы Булат Окуджава гитарасын кучактап, Ысык-Көлдүн көк асманына көз чаптырып отургансыйт.

 

Ыр дүйнөсүнө терең чөмүлүп, «Манас» эпосунун миллиондогон саптарын ааламга жанырткан улуу манасчы-Саякбай Каралаев.

Усталардын чебердиги менен колодон согулуп жасалган бактын көлөкөсүндө президент Н.А. Назарбаевдин меймандарга багытталган элеси турат.

Буддизм Пагодасында медитациянын туу чокусу болгон нирвана буддисттерди өзүмчүлдүктөн баштартууга чакырат.

Православ чиркөөсү ыйык болуп саналган Кичи Анастасияга жана ошондой эле Н.Ельцинага арналган. Бул чиркөөнүн ачылышында Б.Н. Ельцин жубайы менен келип катышкан.

Мусулман мечитинде сүрөттүн эч бир түрүн көрүүгө мүмкүн эмес.Себеби, ислам дининде бул кескин түрдо тыюу салынган.Ал эми исламдын эки негизги агымы болгон сунниттерди жана шиитерди килемдер кылдат жасалгасы менен таң калтырат.

Католик чиркөөсүндо ыйык адамдардын сүррөттөрү жана ортодо Матвей апостолунун элеси түшүрүлгөн. Кээ бир айтымдар боюнча Ысык-Көлдун жээгинде дүйнөнүн Каталон картасында белгиленген армян чиркөөсүндо ыйык Матвейдин денеси жерге берилген.

Иудей чиркөөчөсүнүн эң маанилүү экспонаттарынын бири Тора – «Мусанын Беш Китеби».Кеңири мааниде оозеки жана жазылма түрүндөгү мыйзамдар, ошондой эле еврей элинин окутуусунун бардык жыйындысын камтыган китеп.

 

Укмуштуудай акустикага ээ кенен концерт залы табышмактарга өтө бай. Кооз сахнанын арткы көшөгөсү Ысык-Колдүн тунук күзгүсүнө ажайып корунуш ачат.

Бул жерге келген ар бир адам улутуна жана динине карабай өзүн бүткүл ааламдын бөлүгү катары сезип, тынчтыкка жана бейпилдикке чөмүлөт. Терен философиялык мааниге ээ жана жашоонун манызы жөнүндө ой-толгоолор ар бир конокко рухий байлык тартуулайт.